Сокулукта жүгөрүнүн чет элдик сортунан мол түшүм алуу күтүлүүдө

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 12:44
WhatsApp Image 2026-07-13 at 12.42.45.jpeg

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы "Жарык ынтымак" кооперативи быйыл жүгөрүдөн мол түшүм алууну пландап, айыл чарбасында заманбап ыкмаларды колдонууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кооперативдин мүчөсү Эрмамат Абдисамат уулунун айтымында, быйыл 35 гектар жерге жүгөрү себилген.

Анын 20 гектары дан алуу үчүн, 15 гектары малга тоют даярдоочу силос багытына арналган. Дан багытындагы Түркиядан алынып келинген "Торо" сорту, ал эми силос үчүн "Лидер 77" сорту тандалган. Кооператив өткөн жылы жүгөрүнүн ар бир гектарынан 20 тоннага чейин түшүм алган болсо, быйыл да ушул көрсөткүчтөн жогору түшүм күтүлүүдө.

Мындай ийгиликтерге жетүүдө заманбап технологиялардын ролу чоң. Кооператив "Элдик Банк" аркылуу 6 пайыздык жеңилдетилген насыя алып, талааларга тамчылатып сугаруу системасын орноткон. Ошондой эле айыл чарба техникаларын сатып алып, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен.

"Жарык ынтымак" кооперативи 2019-жылы түзүлгөн. Учурда 7 адамдан турган жамаат 600 гектардан ашык жерди иштетет. Анын ичинен 110 гектар жер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен ижарага алынган.