Сокулукта жазгы талаа иштери башталды

Аймак 30 Март 2026 09:10
656728223_122207750258341273_3158220947617497616_n.jpg
657821684_122207750300341273_5327781709694813633_n.jpg
657331934_122207750378341273_5178069362539295037_n.jpg
658773953_122207750336341273_386121510764959704_n.jpg
658274525_122207750324341273_5227393805123061271_n.jpg
658164125_122207750222341273_7155639456713156290_n.jpg
660480537_122207750246341273_6383770739131808717_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Сокулукта айыл чарба сезону ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасынын айдоо аянттарына барып, жазгы талаа иштерин баштоого расмий түрдө старт берди.

Ишкананын жетекчилиги министрге жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Быйыл жазгы талаа иштеринин алкагында мамлекеттик жерлерге төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү себилүүдө:

  • сафлор – 45 га;
  • кант кызылчасы – 10 га;
  • беде – 13 га;
  • күздүк арпа – 20 га;
  • жаздык арпа – 128 га;
  • буудай – 180 га;
  • эски беде – 30 га.

Жалпы себүү аянты 513 гектарды түзөт.

Белгиленгендей, ишкананы өнүктүрүү максатында ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. 1 млн 200 миң АКШ доллары көлөмүндөгү каражатка мал сарайларын реконструкциялоо пландалууда. Долбоордун алкагында швиц породасындагы 200 баш асыл тукум бодо мал алып келүү каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу 7 жылдык мөөнөткө 6% жеңилдетилген шарт менен айыл чарба техникалары алынган. Жалпы суммасы 45 млн сомду түзгөн долбоор аркылуу 60тан ашык түрдөгү техника жана шаймандар менен камсыздоо ишке ашырылды.

Эрлист Акунбеков айыл чарба тармагын модернизациялоо, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана дыйкандарды заманбап техника менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.