Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 26 Март 2026 14:45
1.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады.

Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.