Сокулукта мыйзамсыз курулуш фактысы аныкталып, айып салынды

Аймак Загрузка... 09 Октябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз курулуш фактысы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мыйзам бузуу Кожомкул айыл аймагындагы №519 жана №520 контурларынын батыш тарабында аныкталды. Жаран турак жай курулушун тиешелүү уруксат документтерин албай баштаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн катышуусунда акт түзүлдү. Мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары, жерди өзүм билемдик менен пайдалануунун кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип, жер ээсине 45 миң 532 сом суммасында доо коюлду.

Министрликтен белгилешкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Чүй облусунда мыйзамсыз жер ээлөө жана уруксатсыз курулуш иштерин алдын алуу багытындагы ишин улантууда.