Сокулукта мораторийге кирген 1,4 тонна эндик тамыры мыйзамсыз жыйналган

Укук тартиби 14 ноябрь 2025 15:17
583013256_830914546228343_2900412580970987990_n.jpg
583215012_830914542895010_8087365178718101413_n.jpg
583902271_830914622895002_582688798084575553_n.jpg
584388519_830914549561676_1174801235703667808_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Сокулук районунда мораторийге кирген эндик тамырынын мыйзамсыз жыйналышы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төрт-Күл айыл аймагынын Почтовая көчөсүндөгү №77 үйүнөн табылган эндик чөбүнүн тамырынын жалпы салмагы 1 425 килограммды түзгөн.

Эндик чөп — убактылуу мораторий киргизилген өсүмдүк болуп эсептелет, анын жыйналышы мыйзам менен чектелген.

Аталган чөп тамыры ошол үйдө жашаган жаранга таандык экени белгилүү болду. Ал Кытай жараны болуп, акыркы 10 жыл ичинде Кыргызстандын аймагында жашап жүргөн.

Табылган чөптүн тамыры тиешелүү тартипте Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.