"Эне даңкы" медалы ээлерин тапты: Сокулукта көп балалуу энелер сыйланды

Коом 24 Июль 2026 13:30
753541252_18034759130817645_4848342914317903059_n.jpg
755128543_18034759184817645_350893781754136557_n.jpg
753540736_18034759175817645_5850251922581905553_n.jpg
753546392_18034759157817645_2895594375360922848_n.jpg
753694818_18034759166817645_5519632975050919498_n.jpg
754159949_18034759139817645_2590226837163921290_n.jpg
754980078_18034759148817645_8171215475006359168_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Сокулук районунда президенттин жарлыгы менен "Эне даңкы" медалына татыктуу болгон энелер сыйланды. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Район башчысы Илияз Ташкулов мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон энелерди куттуктап, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун белгиледи.

Салтанатта Сокулук айыл өкмөтүнөн үч эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланганы айтылды.

Иш-чаранын алкагында энелер үчүн демөөрчүлөрдүн колдоосу менен "Бейиш 2: Апама кат" көркөм тасмасы көрсөтүлүп, сый тамак уюштурулду.