Сокулукта борбордук стадион реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Аймак 09 Октябрь 2025 08:50
557635433_1654138755545126_1713875161273329193_n.jpg
557589833_1654138552211813_1956575759334605479_n.jpg
557439079_1654138655545136_7047128730906016596_n.jpg
557635640_1654138748878460_8900898551872163679_n.jpg
557639706_1654138732211795_2060770702191031127_n.jpg
557641455_1654138995545102_1018658217328915266_n.jpg
557674099_1654138848878450_6403393483694262463_n.jpg
558001574_1654138795545122_7386363014495178696_n.jpg
558038146_1654138685545133_2133392719109476374_n.jpg
558345367_1654138642211804_432472652791418285_n.jpg
558561478_1654138978878437_8906209318109351824_n.jpg
558657881_1654138908878444_9203056182109046267_n.jpg
558718134_1654138782211790_555179374782103155_n.jpg
559509436_1654138562211812_5748519685008828147_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Күн мурун Сокулук районунун жаңы спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

КФБ жетекчиси Сокулук районунун тургундарын жаңы стадион менен куттуктап, эми бул жерде футболдук беттештер, балбандардын таймаштары, маданий иш-чаралар жана элдик майрамдар өтүп турарын билдирди.

"Биздин максат — ар бир райондо спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү, жана Кыргызстандын даңкын дүйнөгө чыгаруу", - деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Салтанаттуу ачылыш аземинин алкагында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт тартууланып, ачылыш азем КР Улуттук лигасынын кубогу үчүн финалдык "Семетей" (Кызыл-Кыя) - "Легенда" (Көк-Жаңгак) клубдарынын беттеши менен уланды.

Маалымат үчүн: Мурдагы стадион 1962-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2024-жылы реконструкцияга берилген. Спорт комплекске караштуу аймактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 2 200 көрүүчүгө ылайыкталган.

Стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системасы үчүн бөлмөлөр жасалды.

Стадионду негизги оюн талаасы жасалма чөптүү болду. Ал эми стадиондун өзү жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.

Спорт комплекстин аймагында стадиондон сырткары футзал аянтчасы жана күрөш машыгуу залы орун алды.

Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.