Сокулукта аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилди

Аймак Загрузка... 22 Сентябрь 2025 11:50
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Сокулук районунун Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак үйлөр курулуп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрь күнү пайдаланууга берилди.

Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи бар. Мындан тышкары, шаарчанын ичинде мектептин курулушу да башталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңешитин депутаты Винера Раимбачаева, эмгек министринин биринчи орун басары Азиза Солтонбекова, Сокулук районунун аким И.Ташкулов, президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары С.Исманов , араб өкүлдөрү жана социалдык шаарчанын тургундары катышты.