Сокулукта 3 бала сууга чөгүп каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кырсык Загрузка... 03 Февраль 2026 10:15
665bf4ccd10e6620878.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Сокулук районунун Май айылында 3 бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февралда милицияга жашы жете элек 3 бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам топ барганда үч баланын сөөгү каналдан чыгарылган. Алар тез жардам келгенге чейин каза болуп калган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон балдар 2021-жылы төрөлгөн М.Н., С.Э. жана И.М болгондугу аныкталган.

"Каза болгон балдар кошуна жана тууган болушкан. Алар үйүнөн 300 метр алыстагы тосмолонбогон, жээги муз тоңгон каналга чөгүп кетишкен. Саат 14:00гө чейин алардын жоктугун эч ким байкаган эмес. Сүйлөй албаган кичинекей бала апасын окуя болгон жерге ээрчитип барып, кырсыкты кабарлаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.