Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Соңку 5 жылда Нарын облусунда 51 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын шаарында Нооруз майрамын майрамдоого катышуу учурунда айтты.
Өлкө башчысынын айтымында, анын ичинде мектеп, бала бакча жана ооруканалар бар.
"Ошондой эле 5 жыл аралыгында облустун аймагында 259 чакырым жол асфальтталса, анын 135 чакырымына 2025-жылы асфальт басылды. Анын ичинде Нарын шаарындагы борбордук көчө толугу менен асфальтталды", - деди президент.