Согуш жылдары кыргыздар 93 танка, 186 учакка жетчү каражат чогулткан

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 15 Апрель 2025 15:20

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай видеоматериалдардын циклин баштады.

Анын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүүгө салымын кошкондордун эмгектери даңазаланат. Көзү өтүп кеткендерди балдары, неберелери, чөбөрөлөрү эскерет.

Биздин өлкөнүн экономикалык салымы тууралуу баяндалат. Согуш мезгилинде ишке берилген завод-фабрикалар, советтик армияга дем-күч берген маданият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы, окумуштуулардын эмгектери жөнүндө жана буга чейин эч жерде айтылбаган эксклюзивдик материалдар даярдалып, жарыяланып турат.

Тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асановдун айтымында, оор турмушта бир муштумдай бириге кала турган сапат кыргыз элинин канында бар.

“Согуш жылдары кыргыз эли болгон байлыгын берип, 93 танка, 186 учак алууга жетчү каражат чогулткан”, - дейт тарыхчы.