Соцтармактагы видеодон кийин: Сууга таштанды толтурган ишканага айып салынды

Аймак 10 Июль 2026 10:20
1.jpg
742173106_1301379541770369_1929261443477927992_n.jpg
743203582_1500900477918263_3081203144590118078_n.jpg
743484552_1003013359007080_7971132717784889687_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
742173106_1301379541770369_1929261443477927992_n.jpg
743203582_1500900477918263_3081203144590118078_n.jpg
743484552_1003013359007080_7971132717784889687_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Аламүдүн суусу таштандыга жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тартылган видео боюнча текшерүү жүрдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана тезникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жыйынтыгында Достук айыл өкмөтүнө караштуу "Ынтымак-Достук" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин ыкчам чаралары менен сууну таштандыдан толук тазалашты.

Ошондой эле министрликтин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо жана таштандыларды белгиленген жайларга гана таштоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган аймактагы таштандылар тазаланып, жаратылышты булгагандар изделип жаткан.