Соцконтракт. Мамлекеттен алган 100 миң сомго мал багып кирешесин арттырган элеттиктер

Аймак Загрузка... 05 Март 2025 18:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Талас районунун Үч-Эмчек айылынын тургуну Айчүрөк Керезбекова 2024-жылга чейин эки баласына жөлөк пул алып келген. Былтыр балдарына ай сайын төлөнө турган жөлөк пулдан баш тартып, ишкерлик баштоону чечкен. Ал “Социалдык келишим” долбооруна катышып, мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сом менен эчкинин башын көбөйтүүдө.

“100 миң сомго 14 баш эчки алдык. “Ээсин болсо эчки бак, тууп берет эки улак” деген кыргыздын жакшы макалы бар эмеспи. Ошол сыңары биз жолдошум экөөбүз, эчки багууну туура көргөнбүз. Буюрса, натыйжасы жакшы. Эчкилер төлдөп, тууй башташты. Бүгүн дагы бир эчким эгиз улактарды тууду”,-деди ал.

Ушул эле айылдын тургуну Нурзада Көчөрбаева социалдык келишимди алгачкылардан болуп алган. Айыл жеринде мал чарбачылыгын өздөштүрүү ыңгайлуу болгондуктан, жолдошу Кеңешбек Сариев экөө уй алып багууну чечишкен.

“Буюрса, пайдасы жакшы. Уй багуу жакшы киреше алып келет. Жакшы төлдөйт, эт, сүт берет. Буга чейин төрт балама жөлөк пул алып келгенмин. Эки уулум чоңоюп аларга албай калгандан бери, жөлөк пул бир айга жетпей калып жатты. Социалдык келишим бул багытта жакшы көмөк көрсөттү. 100 миң сомга уй музоосу менен алдык. Быйыл төрт баш болуп калды”,-деди ал.

Үч-Эмчек айылынын башчысы Эрнис Тайтекеевдин айтымында, айылда жалпы 3 миңден ашун киши жашайт. Анын ичинен буга чейин 30 үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келген.

“Былтыр 11 үй-бүлө социалдык келишим менен жашоо шартын жакшыртышты. Учурда аз камсыз болгон дагы 19 үй-бүлө бар. Бул биздин айылдын бир аз да болсо алдыга жылгандыгынан кабар берет”,-деди ал.

Белгилей кетсек, социалдык келишим долбоорунун эң негизги максаты аз камсыз үй-бүлөгө киреше булагын түзүүгө көмөктөшүү. Жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу.