Соцконтракт. Бал аарычылыктын көзүн тапкан үй-бүлө

Коом Загрузка... 27 Март 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын тургуну Элнура Кадырбек кызынын жолдошу Нурбек Өмүрзаков менен балчылык менен алектенгендерине эки жылдын жүзү болду. Социалдык келишимдин долбоорунун алкагында мамлекеттен берилген 100 миң сомго алгач тогуз челек алып, бал аары кармап баштаган. Көбөйтүп отуруп азыр челектеринин саны 20дан ашты.

“Быйыл таза киреше 200 миң сомду түздү. Социалдык келишим ишкерликти баштоодо жакшы көмөк болууда. Биз аарыны көбөйтүп, күндөн-күнгө бул тармакка болгон кызыгуубуз артып жатат”,-деди Элнура Кадырбек кызы.

Үй-бүлө былтыр 1,5 тонна бал чогултушкан. Чычырканак, бөрү карагат кошулган, ошондой эле тоонун балы болуп, балдын төрт түрүн сатыкка чыгарышкан.

“Сатып алгандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Бал аары негизигнен Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген карника тукумунан. Учурда жазгы иштерин жүргүзүп, жайга камылга көрүп жатабыз. Атайын даарыларын, витаминдерин берүүдөбүз”,-деди Нурбек Өмүрзаков.

Белгилей кетсек, Түп районунда жалпы 521 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн. Анын ичинде ишин ийгиликтүү алып кеткен төрт үй-бүлөгө дагы кошумча 200 миң сомдон берилген.