Соцконтракты өнүктүрүү, жарандарды ишке орноштуруу - эмгек министри менен маек

Интервью Загрузка... 04 Март 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда социалдык контракттын көлөмүн көбөйтүү пландалууда. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине берген маегинде бул демилге жана ведомствонун башка пландары тууралуу айтып берди.

- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү жогорулатуу сунушу программанын натыйжалуулугуна байланыштуубу?

- Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында “Социалдык контракт” программасы ишке ашырылып келет. Мамлекеттен каражат алуу жеке бизнести ачууга, ишкерлик менен оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жана жашоо шартын жакшыртууга жардам берет. Үч жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, социалдык келишим өз алдынча иштөөгө гана шарт түзбөстөн, кошумча жумуш орундарын да түзүүгө көмөк көрсөтүүдө.

WhatsApp Image 2025-03-04 at 14.11.41.jpeg

Ошондуктан социалдык келишим жумуш менен камсыз кылуу тармагында артыкчылыктуу багыт болуп калды. Үч жылдын ичинде 35 миңден ашык үй-бүлөгө республикалык бюджеттен 3,2 млрд сомдон ашык жардам берилди. Мындан сырткары, дагы 3 миң үй-бүлө Дүйнөлүк банк тарабынан кошумча каржыланды. Программанын катышуучуларынын ишкердик демилгелеринин аркасында 43 миңге жакын кошумча жумуш орундары түзүлүп, 190 миңден ашык жарандардын жашоо шарттары жакшыртылды.

Үч жылдын ичинде жалпысынан 138 үй-бүлө ар кандай себептер менен (форс-мажордук жагдайлардын, оорунун жана башкалардын натыйжасында мүлкүн жоготуу) социалдык келишимди ишке ашыра алышкан эмес.

WhatsApp Image 2025-03-04 at 14.11.40 (2).jpeg

-Бүгүнкү күндө министрлик жумуш менен камсыз кылууда дагы кандай иш-чараларды ишке ашырууда?

-Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү эмгек рыногунда активдүү чаралар аркылуу ишке ашырылат - бул жарыяланган бош орундардан туруктуу жумуш менен камсыз кылуу, талап кылынган кесипке ээ болуу үчүн кесиптик окууга жолдомо берүү жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартуу. Былтыр министрлик бул чаралардын бардыгы менен 20 миң адамды камтый алды.

Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Бул медайым, компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, укалоочу, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник.

Белгилей кетсек, бир жыл ичинде жумушка орноштуруу кызматтарына билдирилген бош жумуш орундарынын саны 19%га көбөйүп, 27,9 миң бош орунду түздү, алардын арасында жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылган.

Жумушсуздарды чукул ишке орноштуруу максатында бардык аймактарда жылына эки жолу бош орундардын жарманкелери өткөрүлөт. 2024-жылы аларга 16,8 миң адам катышкан. Жарманкеге келген ар бир бешинчи адам жумушка орношкон же жумушка жолдомо алышкан.

Жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү жана иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында министрликте зарыл болгон кадрларды табууга көмөктөшүүчү Бирдиктүү байланыш борбору (1221) ишке киргизилди. Жумуш издөөчүлөр учурдагы бош орундар боюнча кеңеш алса болот, ал эми иш берүүчүлөр телефон аркылуу же zanyatost.kg сайтына онлайн кайрыла алышат.

WhatsApp Image 2025-03-04 at 14.11.40 (1).jpeg

- Жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

- Эмгек министрлиги Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда 9 Кесиптик багыт берүү борборлорун ачып, иштеп жатат. Аталган кесипке багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү сапаттуу кызматтарды көрсөтүп, студенттерге жана жумушсуздарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Жыл жыйынтыгы боюнча жалпы 79 миң 249 жаранга кеңеш берилген.

WhatsApp Image 2025-03-04 at 14.11.40.jpeg

Өткөн жылдан тарта жаштардын эмгектик жөндөмүн, потенциалын колдоо жана өнүктүрүү максатында пилоттук окутуу долбоору ишке ашырылууда. 2024-2025-жылдары жумушчулардын эмгек акысы айына 8600 сомду түзөт. Жаштар мамлекеттик жана жеке уюмдарда ар кандай кесиптер боюнча (кассир, социалдык кызматкердин жардамчысы, медайым, кредиттик адис, инженер, экономист, укалоочу, чач тарач, автоэлектрик, конструктор ж.б.) стажировкадан өтүшөт.

2025-жылдын 1-январына карата 778 жаш жаран практикага жөнөтүлүп, анын ичинен 161и практика өтүүчү жеринде жумушка орношкон.