Соцконтракт: Курут чыгарган цех ачууну кыялданган Айгерим

Аймак Загрузка... 21 Январь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Үч жылдын ичинде 35 226 үй бүлө социалдык келишим түздү. Долбоорго 3 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Тизмеден 221 үй-бүлө келишимди ишке ашыра алган эмес. Ошондуктан каражатты артка кайтарып беришкен.

Бул ирет “Кабар” агенттигинин каарманы - Айгерим Изираил кызы. Айгерим Кочкор районунун Кара-Саз айылында жашайт. Өзү төрт уулду тарбиялап үйдө отурат. Жолдошу кичи мал чарбасы менен алек. Курулушта жумуш чыгып калса иштеп коет. Негизинен бош. Үй-бүлө 2023-жылы ай сайын берилүүчү жөлөк пулдан баш тартып, социалдык контракт түзгөн. Мамлекет берген жүз миң сомго музоолуу уй алышкан. Учурда ал төрт баш болду. Анын экөө саан. Каарманыбыз күнүнө 10 литр сүт чогултат. Андан сүзмө, айран, каймак, май жасап сатат. Түшкөн каражат күнүмдүк керектөөлөргө жарайт дейт, - үй кожойкеси.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.01.48 (4).jpeg

"Эки күндүк сүттү чогултуп, 18 литр сүт тартам. Андан 2 литрге чейин каймак чыгат. Каймагын балдарым жейт. Ашканын сары май жасайм. Айранын сүзмө кылып сатам. Сүзмөнү көк сүттөн жасайм. Аны балдарга бербейм. Анткени каймак, майлуулугу жок. Балдарымдын улуусу 14 жашта, кичүүсү 2 айлык. Айран, сүзмөнүн акчасы жалаяк, майда-барат нерселерди алганга жетет, шүгүр", - дейт каарманыбыз.

39 жаштагы Айгерим жогорку билимдүү. Кесиби боюнча экономист-бухгалтер. Бирок кесиби боюнча бир күн да иштеген эмес. Балдар каралбай калат деп, жолдошу уруксат бербей койгонун айтат. Дипломун чаң басып жатканын эстеген сайын аттиң кылат да, кайра тиричилигин улантат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.01.47 (1).jpeg

“Сүт тартып бүтөөрүм менен, курут жасоого киришем. Бир айда 20 килограммга чейин сүзмө чогулат. Кээде курут кылып сатам. Баасы 300-350 сомдон. Көбүнесе сүзмө бойдон берип салам. Балам кичинекей, кол бошобой, курут жайганга убакыт болбой калат. Анын үстүнө кышкысын курут кургабайт. Ал үчүн атайын жабдык керек. Аны алганга азырынча каражат жок. Курут кургатуучу аппараттар кымбат турат экен. Келечекте курут чыгарган цех ачкым келет. Бул азырынча менен кыялым. Бирок сөзсүз орундалат деп ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.01.48 (3).jpeg

Социалдык контракт 3 жылга түзүлөт. Анын негизги максаты - аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу. Социалдык келишим түзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү айыл чарба жаатында иш алып кеткендер. Андан кийин өндүрүш, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармагындагылар. 2022-жылдан тарта 10 жаран бир жылдык кирешесин миллион сомго чыгарган. 2026-жылдан тарта социалдык келишим аркылуу 150 миң сомдон бериле баштайт.