Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Социалдык фонддун аймактык органдарына 9 кызматтык унаа тапшырылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, унаалар пенсионерлер менен иш алып барууда, пенсиялык иштерди ташып келүүдө, банк жана почта кызматкерлери менен иштөөгө шарттарды түзүү максатында берилди.
2025-жылы чыгарылган Chevrolet Tracker 1.2 AT Premier үлгүсүндөгү унаалар мамлекеттик өндүрүштү колдоо максатында "ДТ ТЕХНИК" ЖЧКсынан ("Тулпар Моторс" заводу) сатып алынды.
Соц фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, унаалар фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.