Социалдык фонд 82,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика Загрузка... 25 Декабрь 2025 18:03
2024-03-01_14-05-31_ByxH90O.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. 2025-жылы милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 82 млрд 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнүн өсүшү 105 пайызды түздү, же пландан 5 млрд 136 млн сомго көп жыйналды.

"2026-жылы 88 млрд 100 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо пландалууда. Ал эми 2027-2028-жылдары камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүн 94 млрд 400 млн сом жана 101 млрд 200 млн сом өлчөмүндө жыйноо болжолдонуп жатат", - деп кошумчалады ал.