Социалдык дүкөндөр өлкөнүн башка аймактарына да ачылат - Канат Сагынбаев

Коом Загрузка... 26 Август 2025 14:35
1.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Борбор калаадагы социалдык дүкөндөр дагы да көбөйүп, өлкөнүн башка аймактарына ачылат. Бул тууралуу калктын аялуу катмарына арналган "Евразия" социалдык дүкөнүнүн расмий ачылышында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында мындай багыттагы дүкөндөр башка мамлекеттерде, анын ичинде Молдова өлкөсүндө бар.

"Алгачкы “Евразия” социалдык дүкөнү пенсионерлер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жардамга муктаж башка жарандарга биринчи зарыл товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында түзүлдү. Кайдыгер эмес жана социалдык жоопкерчилиги жогору адамдардын аркасы менен жардамга муктаж адамдарга мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүп жатканы өтө маанилүү.

Биздин кызматташтык адамдардын жашоосуна чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келип, социалдык жыргалчылыкты чыңдап, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем”,-деди Сагынбаев.

Белгилей кетсек, “Евразия” социалдык дүкөнү Кыргызстан менен “Евразия" бейөкмөт уюмунун менен ортосундагы кызматташуунун алкагында ишке кирди. Ал Бишкектин Токтогул көчөсү 146/1 дарегинде жайгашкан.