Соцфонд Түркияда иштеген кыргыз жарандары келечекте пенсияга чыга аларын эскертет

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 15:20
1038727357_0_360_3500_2329_1920x0_80_0_0_53784710ec5320319a8bfe92bc9de1c2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Социалдык фонд Түркияда иштеген кыргыз жарандары келечекте пенсияга чыга аларын эскертет.

Белгиленгендей, 2020-жылдан тартып Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Алсак, Кыргызстан өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 352 суроо-талап жиберилген, 350 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди (пенсиянын суммасы 490 түрк лирасы).