Соцфонд пенсияга кошумча төлөмдөргө 2 млрд сомдон ашык каражат жумшайт

Экономика 23 сентябрь 2025 15:22
Соцфонд пенсияга кошумча төлөмдөргө 2 млрд сомдон ашык каражат жумшайт

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. 1-октябрдан жыл аягына чейин болжол менен пенсияга кошумча төлөмөргө 2 млрд 44 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Кабар" агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы бул сумманы 4 эсеге көбөйтүүгө болот, бул каражаттар Соцфонддун бюджетинде каралган.

"Пенсияга кошумча төлөмдүн өлчөмү эмгек стажына, камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана башка факторлорго жараша болот, ошондуктан бирдиктүү пенсия жок. Эгерде жарандарда 10-октябрдан кийин суроолор болсо, тактоо үчүн аймактык бөлүмдөргө кайрыла алышат", - деди Мукамбетов.