Соцфонд былтыр депозиттерге жана баалуу кагаздарга 16 млрд сом инвестициялаган

Экономика Загрузка... 20 Февраль 2025 12:48
JeGgYHO0POK01ABrEdZI.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Социалдык фонд былтыр Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, өткөн жылы МПТФнын каражаттарынан 16 258,2 млн сом инвестицияланган:

  • Мамлекеттик жана башка баалуу кагаздарга – 9 209,3 млн сом (кирешелүүлүгү 11,00–16,60%).
  • Коммерциялык банктардын депозиттик салымдарына – 7 048,9 млн сом (кирешелүүлүгү 12,6–17,2%).

2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 587,3 млн.сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 939,6 млн.сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 19,7 млн.сом.
  • башка кирешелер – 3,3 млн.сом;

Ал эми, былтыркы жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 549,9 млн.сом киреше алынган.