Соң-Көлдүн экосистемасын коргоо: Үч күндүк рейдде мыйзам бузуулар табылган жок

Аймак Загрузка... 04 Март 2026 10:00
a6ab924cd7bf4f0a9b63fd32a6b8a262.jpg

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. 28-февралдан 2-мартка чейин “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Соң-Көл көлүндө браконьерликке каршы кезектеги рейддерди өткөрүштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында көлдө мыйзамсыз балык уулоо фактылары жана колдонууга тыюу салынган синтетикалык торлор аныкталган жок.

Министрликке караштуу Балык чарбасы департаменти жарандарды:

  • Браконьерликке каршы бирге күрөшүүгө;
  • Мыйзамдарды так сактоого;
  • Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого чакырат.

Ведомство мындай алдын алуу жана текшерүү иштери туруктуу негизде, үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын баса белгиледи.