Кыргызстанда сүрөтүн көрүп гана суктанып, ички сырын толук сезе албай турган өзгөчө жерлер бар. Ал жактарга өз көзүң менен барып, тоонун муздак абасын көкүрөк толтура жутуп, улуган шамал менен дүбүрттүү жылкы үйүрүнөн башка эч нерсе бузбаган алка-жалка бейпилдикке кулак төшөшүң керек. Мен үчүн ушундай сыйкырдуу жайлардын бири – деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте, асман тиреген тоолордун кучагында катылган Нарын облусунун бермети – Соң-Көл.

Бул керемет көлгө жеткенче дагы бир топ жол жүрдүк. Жолубуз шашпай Орто-Токой суу сактагычын бойлоп кетти. Мен барганда суусу кыйла тартылып калыптыр, бирок бул дагы анын өзүнө гана мүнөздүү сулуулугуна көлөкө түшүрө албаптыр. Сүрдүү тоолор курчаган тунук суунун бети кыргыз жаратылышынын бейпилдигин жана улуулугун көрсөтүп тургандай.

Унаабыз өйдөлөгөн сайын айлана таптакыр өзгөрө баштады. Асфальт жол түгөнүп, тоо таштак жолдор башталды. Аба барган сайын салкындап, тазарып, айланада созулган чексиз шалбаалар көрүндү. Жашыл килемге кимдир бирөө атайлап ачык боёкторду чачып жибергендей, жүздөгөн талаа гүлдөрү кулпурат. Тоо чокуларында дагы эле кар жатат – бул жакта жай мезгили өтө жай жана кыска убакытка гана келерин билдиргенсийт.

Ар бир ашуудан ашкан сайын сүрөтчүлөрдүн кыл калемине татыктуу керемет көрүнүштөр ачылып жатты. Жолдо алдыбыздан эркин чуркаган жылкы үйүрлөрү, шашпай оттогон кой-эчки, уйлар жолукту. Ал аймактардан бийик тоонун унчукпас кожоюндары болгон сүрдүү топоздорду да көрүүгө болот.

Бирок чыныгы сыйкыр кезектеги бурулуштан кийин, маңдайыбызда капысынан Соң-Көл жайылып көрүнгөндө башталды. Бул жөн гана унчукпай суктана турган сейрек учурлардын бири эле. Жээкти бойлой жашыл өрөөндөр созулуп, боз үйлөр агарып көрүнөт. Ал эми боз үйлөрдүн жанында күн панелдери турат – бул электр жарыгы жана заманбап шарттар жок ушул алыскы жерде да адамдар ата-бабанын салты менен бүгүнкү технологияны айкалыштыра биле турганынын белгиси.

Төш таянып аттар, койлор жана уйлар бейпил оттоп жүрөт. Бул жерде унаалардын ызы-чуусу, телефондун тынымсыз билдирүүлөрү жана шаардын шашылышы жок. Болгону шамал, көк чөптүн жыты, куштардын үнү гана бар. Убакыт да ушул жерден жайыраак агып калгандай сезилет.

Жээкке жакын саздак жерлер айланага өзгөчө бир көрк берип турат. Суунун бети булуттарды күзгүнүкүндөй чагылдырып, кадимки көрүнүштү чыныгы жомокко айлантат. Кээде бул өңүң эмес, тирилип кеткен сүрөт сыяктуу.

Кечинде Соң-Көл таптакыр башкача кооздукка бөлөндү. Күн тоо чокуларына жай батып, асманды алтын, кызгылт сары жана кочкул кызыл түскө боёп жатты. Акыркы нурлар сууга чагылышып, көлдү зор жаркыраган полотного айлантты. Мындай мүнөттөрдө жумуш, убакыт же көйгөйлөр тууралуу ойлонуу мүмкүн эмес. Күн байкалбай жылдыздуу түн келгенге чейин жөн гана отуруп суктангың келет.

Бул түндү мен боз үйдө өткөрдүм. Электр жарыгы, ысык душ, интернет жана көнүмүш шаардык ыңгайлуулуктар жок. Алгач мындай жашоо чоочун сезилет экен. Биз шаардын ызы-чуусуна ушунчалык көнүп калгандыктан, бул жымжырттыкка таң калат экенсиң. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин таптакыр башкача сезим келет. Ар бир нече мүнөт сайын телефонго кол сунганды токтотуп, айланадагы майда-чүйдө нерселерди байкап, өзүң менен өзүң сырдаша баштайсың. Көрсө, адамга ички бейпилдик үчүн аз эле нерсе керек экен.

Бул кеч мен үчүн интернеттен, шаардан толук эс алуу болуп, жөнөкөй бир чындыкты эсиме салды: кээде эң жакшы эс алуу – көнүмүш турмуштан бир азга обочолонуу.

Бул жакта көптөгөн үй-бүлөлөр ар жай сайын дал ушундай жашашат. Мал менен бирге жайлоого чыгып, бир нече айга боз үйлөргө көчүп келишет. Алардын балдары чексиз кенендикте чоңоюп, улуттук оюндарды ойноп, чоңдорго мал карашууга жардам берип, жаратылышты сүйүүгө үйрөнүшөт. Телефон экрандарынын ордуна аларда – кенен өрөөндөр, ал эми тез тамактануучу жайлардын ордуна – жаңы бышкан эт, каймак, сары май жана жыпар жыттуу саамал бар.

Дал ушул жерден чет элдик туристтер Соң-Көлдү эмне үчүн мынчалык жакшы көрөрүн түшүндүм. Алар бул жакка кымбат баалуу мейманканалар же көңүл ачуу үчүн келишпейт. Аларды дүйнөнүн көптөгөн бурчтарында жоголуп кеткен нукуралык, тазалык өзүнө тартат. Адам баласы жаратылыш менен бирге түтүн булатып, асман ушунчалык жакын сезилген, ал эми убакыт саат менен эмес, күндүн чыгышы жана батышы менен ченелген жерде аз да болсо жашап көрүү алар үчүн чоң бакыт.

Соң-Көл – бул жөн гана кооз көл эмес. Бул кадимки турмушту бир азга унутуп, табият менен бетме-бет жалгыз калганда, дүйнөнүн кандай таң каларлык сулуу экенин кайрадан эстей турган өзгөчө бир дүйнө.