Байкерлер Бишкек – Каракол багытында мотожүрүштөн өтүүдө

Коом 19 сентябрь 2026 17:20
afae7f93-09aa-4212-8fe3-3f90b17258b1.jpeg
7efa6e32-2101-4e68-9d31-7d08a4e18483.jpeg
30f0ad65-5b0a-41e5-99ff-5ab100e2bad0.jpeg
Алдыга
Артка
afae7f93-09aa-4212-8fe3-3f90b17258b1.jpeg
7efa6e32-2101-4e68-9d31-7d08a4e18483.jpeg
30f0ad65-5b0a-41e5-99ff-5ab100e2bad0.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда чет өлкөлүк жана ата мекендик мото сүйүүчүлөрдүн катышуусунда мотожүрүш өтүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында катышуучулар Бишкек шаарынан чыгып, Ысык-Көл облусуна карай сапар тартышты.

Маршруттун негизги бөлүгү учурда курулуш иштери жүрүп жаткан Лебединовка ГЭС-5, Бишкек Түндүк айланма жолунан башталып, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолу аркылуу өтүүдө.

Мындан тышкары, иш-чара Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга жана аймакка саякаттоого кызыккан адамдардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун курулушу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.