Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. 10-октябрда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мото сүйүүчүлөрү жаңыланган Арашан – Чуңкурчак жолу аркылуу мото жүрүш өткөрүп, Чуңкурчак жайлоосунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, мото жүрүш Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу, үч өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө жана мототуризмди өнүктүрүү максатын көздөйт.
Белгиленгендей, жолдун жалпы узундугу 20,7 чакырымды түзөт. Учурда 18,8 чакырымдан ашык бөлүгүнө үстүңкү катмар асфальт төшөлдү.