Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Кореянын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.
Ал Кыргызстан рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон компанияларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө өлкө даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуунун келечеги, технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллект, санариптик чечимдер жана заманбап технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү улантуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана алдыңкы кореялык технологияларды киргизүү боюнча келечектүү багыттарды кароо жөнүндө макулдашууга жетишти.