Иңир кирип, көз байланып, асман бетине жылдыздар төгүлгөндө, айланага дагы бир шаң, дагы бир өзгөчө көрк кошулат. Ал алоолоп күйгөн оттун жалынын тегеректеп, байыркыдан калган наркты унутта калтырбай, ак тилегин айтышкан көчмөн журттун укум-тукумдары.
Түн кирсе да казанда кудум жашоонун өзү кайнаган сыңары... А казанда сүмөлөк!
Сүмөлөк кайнаган түнү казандын айланасындагылар бул жөн гана тамак бышырып жаткан топ эмес. Алар бир идеянын айланасына бириккен адамдар. Казан — бул дүйнө, анын ичиндеги сүмөлөк — жашоо! Ал жай кайнайт, шашпай бышат... Тез бышкан нерсе эч качан даамдуу болбойт!
Адам тагдыры да кудум ошондой: турмушка көзүбүз каныгып, турмушка бышыш үчүн биз не деген тоскоолдуктарга бет келип, аларды жеңиш үчүн эмне деген кайрат-күч жумшайбыз?! Адам сыноолордон өтөт... Сыноолордон сынбай өткөн адам гана сынынан жазбай, турмуш агымына каршы бой уруп, ар бир күнгө асыл максат коёт.
Сүмөлөктү аралаштырган ар бир кол бул тилек. Ар бир тилек бул келечекке ташталган үрөн. Бирок үрөндүн баары эле өнүп чыкпайт. Үрөн өнүп чыгышы үчүн жер да, убакыт да, сабыр да керек. Демек, Нооруз адамга сабырдуулукту үйрөтөт.
Балдардын күлкүсү бул келечектин үнү. Карыялардын батасы бул өтмүштөн калган даанышмандык. Ал эми жаштар азыркы учурдун деми! Нооруз ушул үч убакытты бириктирет: өткөн чак, учур чак жана келечек! Бул убакыттын айлампасы, бул жашоонун үзгүлтүксүз уланышы...
Эң маанилүүсү, Улуу Нооруз адам алдына олуттуу суроо коёт: Сен өзгөрүүгө даярсыңбы? Жаңылануу үчүн кандай кадамдарга барасың? Алдыга кандай максат коёсуң? Эмне тилектериң бар?
Табият жыл сайын жаңыланат, бирок адам дайыма эле өзгөрө бербейт. Айрымдар үчүн Нооруз бул салт, башкалар үчүн майрам. Ал эми чындап түшүнгөн адам үчүн Нооруз — бул ички төңкөрүш! Адам өзүнүн ички дүйнөсүндө Ноорузду өткөрө албаса, сырткы майрам эч нерсени өзгөртпөйт. Чыныгы жаңылануу жүрөктө башталат. Ал сырттан келбейт, ал ичтен чыгат.
Жаздын жели бетти аймалайт... Ал жөн гана табияттын кыймыл-аракети эмес. Ал убакыт деми. Ал адамга: “Сен дагы жаңыланууга кадам таштай аласың!” дейт. Дал ошол үчүн Нооруз жашоонун соңу эмес, ал улуу башталыш! Өткөн чак менен коштошуп, бирок аны унутта калтырбай устат тутуп, келечек менен тааныша бил дегендик.
Демек, Нооруз улуу табияттын гана майрамы эмес, ошол табият койнунда күн кечирип, Жер-Эне үстүндө тирилик улаган адамзаттын өзүн-өзү издеп тапкан аң-сезиминдеги улуу төңкөрүшү. Жан дүйнөгө жасалган саякаттан сезимдерине асыл үрөндү сепкен улуу күн!
Сүмөлөктү бышырууга ишеним, убакыт, чыдам талап кылынат. Дал ошол күндүн түнү табият менен адамдын ортосунда жашыруун келишим түзүлгөндөй, айлана шаңга толуп, аны бышыруу канчалаган сааттарга созулса да, аны унутта калтыргандай ыр менен кошо комуз күүсү жаңырып, аруу тилектер кошо айтылат. Жумурай журт “айдан аман, жылдан эсен чыгалы, жер жарылып, жаратылыш кулпурган чакта алдыдагы күндөрдөн берекени гана күтөлү” деп тилешет.
Сүмөлөк кайнаткан түн адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү сыңары чагылып, бардыгы жапырт бир тилекке келишет. Казанды аралаштырып жаткандардын ар бири ак тилек айтып жаткан сааттарда өз тагдырына да кол сунуп, “эми жашоомду жаңы нукка бурам” деген өңдүү ниетте болот. Ырас, адам баласы көпчүлүк учурда тагдырды өзгөртө албаса да, ага болгон мамилени өзгөртө алат.
Сүмөлөктүн ичинде буудай жөнөкөй дан сыяктуу көрүнгөнү менен, ал жашоонун символу! Ал жерге көмүлөт, караңгылыкта жатат, анан гана жарыкка умтулат. Адам да ошондой: кыйынчылыктардан өтпөй туруп, чыныгы жарыкты таба албайт.
Сүмөлөк жай кайнайт. Ал убакыт менен күрөшпөйт, тексерисинче, убакыт менен достошот. Бул адамга чоң сабак. Кеп оролу келгенде айта кетейин, чыгармачыл адам үчүн эң маанилүү нерсе убакыт! Чыныгы чыгармачыл адам убакытка баш ийип, капилет жерден келе калган улуу идеясын, улуу үрөндү качан өнгөн кезде чыдам менен аны көкүрөгүндө ай-күндөр, а кээде жылдар бою бапестеп багат. Анан жазуучу же акын, мейли композитор, сүрөтчү, айтор, бышырып бүткөн соң калк таразасына коёт.
“Сабырдын түбү — сары алтын” деген сөздү кыргыз тегин жерден жаратпаган. Адам уулу жашоодо бардыгына ашыгат. Көп нерсени көрүп үлгүрүүгө шашылат. Ал эми өмүрдөгү эң баалуу нерсенин өзү жай бышкандыгында. Кудум турмушта чыныгы сүйүү, чыныгы акылмандык, чыныгы ишеним деген баалуулуктардын бардыгына убакыт талап кылынгандай...
Казанга таш салынат. Ал таштар жөн гана таш эмес, алар адамдардын тилектери. Кай бирде ал таштардын кайсы бири жоголуп, кайсы бири табыла калат. Бул тагдырдын тайгүлүк оюну сыңары. Кандай болгон саатта да башкысы адам тилек кылганды токтотпошу зарыл.
Сүмөлөктүн жыты жайылып, таң атканда казандын үстүндө жаңы бир даам пайда болот. Ал даамды сөз менен түшүндүрүү кыйын. Анткени ал жөн гана даам эмес, ал түнү бою айтылган тилектердин жыйынтыгы, адамдардын ишениминин жемиши.
Адам жашоодо бакытты издегендей, сүйүүнү күткөндөй, тынчтыкты самагандай көп нерсе издейт эмеспи?! Бирок ошол кай бирде биз издеген нерселердин бардыгы тең жаныбызда эле турат. Сүмөлөк да дал ушуну эске салат. Адам бактысы, адамдын жаркын жашоосу өтө деле чоң нерселерди талап кылбайт, болгону бир тилектеги адамдар чогуу өткөргөн бир түндө, бир казандын айланасында, бир ниетте болгондугунда.
Сүмөлөк өтмүш менен келечек ортосундагы көпүрө... Сүмөлөктү бышырып жаткан маалда ата-бабалардын салты жанданып, келечек муундарга өткөрүлөт. Бул эс-тутумдун даамы!
Жашоо да сүмөлөккө окшош. Кээде ачуу, кээде таттуу... Кээде узак, кээде татаал... Соңунда келип сабыр менен күткөн нерсенин даамы сөзсүз таттуу чыккандыгында! Сүмөлөк адамзатка сабак берген улуу символ! Ал бизге шашылбай жашап, табиятка астейдил үңүлгөнгө, аны аздектегенге, сабырдуу болуп биримдикке келүүгө үйрөтөт.
Сүмөлөк бул түн менен таңдын ортосундагы сыр! Ал караңгылыктан жарыкка өтүүнүн белгиси. Эң караңгы делген түндүн артында да таң бар. Ошентип акыйкат деген, убакыт жана тагдыр деген нерсе, табият мыйзамы түнү бою кайнаган казандын ичинде эмес, ал ошол казандын айланасында отурушкан адамдардын жүрөктөрүндө...