Өзгөндө наркы 2,5 млн евролук таза жана саркынды суу тазалоочу жай ишке берилди

Аймак 11 Ноябрь 2025 14:42
photo_5228704903281185157_y.jpg
photo_5228704903281185146_y (1).jpg
photo_5228704903281185192_y.jpg
photo_5228704903281185186_y.jpg
photo_5228704903281185182_y.jpg
photo_5228704903281185177_y.jpg
photo_5228704903281185158_y.jpg
photo_5228704903281185162_y.jpg
photo_5228704903281185152_y.jpg
photo_5228704903281185132_y.jpg
photo_5228704903281185117_y.jpg
photo_5228704903281185112_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5228704903281185157_y.jpg
photo_5228704903281185146_y (1).jpg
photo_5228704903281185192_y.jpg
photo_5228704903281185186_y.jpg
photo_5228704903281185182_y.jpg
photo_5228704903281185177_y.jpg
photo_5228704903281185158_y.jpg
photo_5228704903281185162_y.jpg
photo_5228704903281185152_y.jpg
photo_5228704903281185132_y.jpg
photo_5228704903281185117_y.jpg
photo_5228704903281185112_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Бүгүн Өзгөн шаарында таза суу жана саркынды суу тазалоочу ишкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Учурда ишкананын административдик имараты, алдын ала жана биологиялык тазалоо курулмалары толук бүткөрүлүп, бардык жабдуулар орнотулуп, объект пайдаланууга толук даяр.

Жаңы саркынды суу тазалоо курулма Өзгөн шаары жана айланасындагы калктуу конуштардын тургундарын сапаттуу коммуналдык тейлөө менен камсыз кылат. Бул аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо жана калктын жашоо шартын жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп саналат.

"Бул долбоор – таза айлана-чөйрөнү жана элдин ден соолугун коргоо багытында жасалган чоң иш. Аймактарда таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды туура тазалоо – биздин негизги максаттарыбыздын бири", - деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, бул ири инфраструктуралык долбоор райондун Кош-Коргон айылынын Бак участкасында ишке ашырылды. Объекттин жалпы аянты 4,71 гектарды түзөт.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылды. Жалпы сметалык баасы — 2 млн 502 миң 634 еврону түзөт, анын ичинен:

  • 1 752 261 евро — грант;
  • 750 373 евро — насыя.