Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Быйылкы жылдын 10 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар 40 267 экспертиза жүргүздү.
Ведомстводон билдиришкендей, өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында лабораторияларга жалпы 18 703 даана үлгү түшкөн.
Анын ичинен:
-импорттук карантинге алынган продукциядан — 7 820 даана үлгү;
-экспорттук карантинге алынган продукциядан — 5 954 даана үлгү;
-изилдөө иш-чараларынан — 1 248 даана үлгү;
-кайрылуулар боюнча — 525 даана үлгү;
-феромон тузактарынан — 3 105 даана үлгү.
Жыйынтыгында жалпы 40 267 экспертиза жүргүзүлүп, анын натыйжасында 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган.