Словения Кыргызстанга жаңы элчи дайындады — Кабар

Словения Кыргызстанга жаңы элчи дайындады

Саясат 13 октябрь 2025 09:00
558849873_1223502246479950_4137054808108689468_n.jpg
564047223_1223502059813302_4817458091459440265_n.jpg
Алдыга
Артка
558849873_1223502246479950_4137054808108689468_n.jpg
564047223_1223502059813302_4817458091459440265_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленки Сухадолниктин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Абакиров элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү болушун каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-словен кызматташтыгынын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты жандандырууга өз ара кызыгуусун билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.