Сүлүктүдөгү мурдагы нан заводу мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 12 Сентябрь 2025 17:20
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан завод 2000-жылы Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра каттоодон өткөн.