Славян жазмасы жана маданиятынын күнү: Кирилл менен Мефодийдин мурасы Кыргызстанда

Бизнес Загрузка... 22 Май 2026 10:06
IMG_7681.JPG (1).jpeg
copyright icon Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. 24-май — Славян жазмасынын жана маданиятынын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул датанын тандалып алынышы кокустук эмес — бул күнү православ чиркөөсүндө славяндардын агартуучулары — ыйык тең апостолдор Кирилл менен Мефодийдин элеси эскерилет. Улуу Моравиянын (Ортоңку Дунайдагы мамлекет) князынын өтүнүчү менен IX кылымда алардын эмгегинин негизинде алгачкы жолу грек китептери славян тилине которулган. Которулган тексттердин жазылышы үчүн окумуштуу бир туугандар тарыхтагы биринчи славян жазуу системасын — глаголицаны түзүшкөн. Кийинчерек анын негизинде Кирилл менен Мефодийдин шакирттеринин катышуусу менен бизге белгилүү болгон кирилл жазмасы калыптанган.

Россияда моравиялык бир туугандардын элесин майрамдоо алардын миссиясынын миң жылдыгына байланыштуу 1863-жылы негизделген. Бүгүн да славян жазмасынын эл аралык күнүн белгилөө менен, биз мугалимдердин жана агартуучулардын бардык муундарына урмат-сыйыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кирилл менен Мефодийдин ишмердүүлүгү Евразиянын бир бөлүгүндөгү элдердин адабиятынын, билим берүүсүнүн жана жылнаамасынын өнүгүшүнө шарт түздү. Миң жылдан ашуун тарыхында кирилл жазма системасы өзүнүн ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн далилдеди: анын негизинде түзүлгөн алфавиттер кошумча символдорду киргизүү аркылуу ар кандай тилдердин өзгөчөлүктөрүн чакан жана ыңгайлуу түрдө өткөрүп бере алат. Бүгүнкү күндө кириллица бул жөн гана алфавит эмес, миллиондогон адамдар үчүн маданий жана цивилизациялык өзгөчөлүктүн эң маанилүү элементи болуп саналат. Адистердин баалоосу боюнча, учурда аны 400 миллиондон ашык адам колдонот.

Кирилл графикасы Россия Федерациясынын элдеринин тилдерин (орустар, татарлар, башкырлар, чечендер, якуттар, чуваштар, буряттар, тувалар — жалпысынан 150дөн ашык тил, анын ичинен 74ү жалпы билим берүү системасында колдонулат), ошондой эле Беларусь, Болгария, Сербия, Түндүк Македония, Монголия жана башка бир катар мамлекеттердин тилдерин чагылдырат. Борбор Азияда кирилл жазмасы Казакстанда жана Тажикстанда колдонулат жана албетте, Кыргыз Республикасынын конституциялык макамга ээ болгон эки тили тең — мамлекеттик кыргыз тили жана расмий орус тили — кирилл жазмасына негизделген.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандагы кириллица өзүнчө бир маанилүү мааракесин белгилейт. 1941-жылдын октябрь айында Кыргыз ССР Жогорку советинин президиумунун жарлыгы менен кыргыз тилинин орфографиясынын эрежелеринин жыйнагы бекитилгенден бери 85 жыл өттү. Орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы кыргыз алфавити орус алфавитинин курамын толугу менен колдонот жана кыргыз тилине мүнөздүү тыбыштарды чагылдырган 3 "Өө", "Үү", "Ңң" тамгалары кошулат. Албетте, жаңы жазманын долбоорун кабыл алуунун алдында көрүнүктүү советтик түрколог, лексикограф, жандуу түрк тилдеринин жана байыркы түрк жазмасынын эксперти К.К.Юдахиндин жетекчилиги астында изилдөөчүлөрдүн көп жылдык талыкпаган илимий эмгеги жүргөн.

Дал ушул кириллицаны колдонуу менен кыргыз тили өзүнчө уникалдуулугун жана бай лексикасын сактап кала алды. Алтургай 1940-жылы КырССР Жогорку советинин президиумунун төрагасы А.Толубаев К.К.Юдахиндин долбоорун колдоп мындай деп жазган:

"Жаңы алфавитке өтүү бул кыргыз элинин улуттук маданиятынын андан ары гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачкан иш-чара болуп саналат. Орус алфавитине өтүү кыргыз тилине мүнөздүү болгон айтылыш өзгөчөлүктөрүн эч бир деңгээлде өчүрбөйт".

Биздин убакта тил илими чөйрөсүндөгү адистердин изилдөөлөрү бар, анда дал ушул заманбап кирилл графикасы кыргыз тилинин бардык фонетикалык жана башка ички өзгөчөлүктөрүн эске аларын жана өткөрүп берерин ынанымдуу түрдө далилдеп турат.

Жаңы алфавит жана орфография эрежелеринин жыйнагы кыргыз адабий тилинин жана билим берүүсүнүн өнүгүшүнө байкаларлык түрткү берди. Кыргызстанда колдонулган кириллица заманбап кыргыз жазуу маданияты өсүп чыккан улуттук тарыхый жана интеллектуалдык салттын бир бөлүгү болуп калды. XX кылымдын 1950-жылдарынын башында эле жалпы орто билим берүү иш жүзүндө Кыргыз ССРинин калкынын 100%ын камтыган. Кириллицада кыргыз тилдүү көркөм жана илимий адабияттын эбегейсиз катмары түзүлдү. Өзгөчө кыргыз прозасы жана поэзиясы кеңири жайылды А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков, Ч.Айтматов жана башка көптөгөн авторлор белгилүү болушту.

Кириллица кыргыз кебинин өзгөчөлүктөрүн өткөрүп берүү үчүн үнөмдүү, таасирдүү жана графикалык жактан жугумдуу. Ал муундардын байланышын камсыз кылат жана өлкөнүн маданий мурасына жеткиликтүүлүктү сактайт. Профессор, КРСУнун Орус тили институтунун директору М.Ж.Тагаевдин сөзү менен айтканда, ал "менталдык аң-сезимдин ажырагыс бөлүгү, улуттук ой жүгүртүү жана адамдык капиталды калыптандыруу ыкмасы болуп, заманбап кыргыздын каны-жонуна органикалык түрдө кирди". Ошентип, IX кылымда жашаган окумуштуу монахтар Кирилл менен Мефодийдин мурасы, ХХ жана ХХI кылымдарда Ч.Т.Айтматовдун 2005-жылы Германиянын "Frankfurter Allgemeine Zeitung" гезитине берген маегинде айткан сөздөрүн колдонсок Орто Азиянын прогрессине жана анын Евразия цивилизациясына кошулушуна өбөлгө түздү, ал эми жазуучу бул цивилизациянын огу деп Россияны атаган.

Биздин ааламдашуу доорунда, маалыматтык технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллект платформаларыней тез өнүгүшү менен кээ бир глобалдык оюнчулардын улуттук өзгөчөлүгү жок универсалдуу маданий стандарттарды белгилөөгө, элдердин мурастарын бириктирүү аркылуу алардын уникалдуулугун теңдештирүүгө жана жоюуга умтулуусу байкала баштады. Глобалдык санариптештирүүнүн лидерлери алгач Батыш өлкөлөрү болгондугуна байланыштуу, бул процесске техникалык жактан интернетте латын алфавитинин кеңири жайылышы шарт түздү. Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда латиница бүткүл дүйнөлүк желеде жалгыз үстөмдүк кылбай калды. Графикалык системалардын катарында араб жазмасынын жана кытай иероглификасынын сегменттери чоң, кириллица да байкаларлык орунду ээлейт. 2010-жылы дүйнөдө биринчи жолу кириллицада жогорку деңгээлдеги домен РФ (Россия) түзүлгөн, ошондой эле БГ (Болгария) жана башка домендик аталыштар да жеткиликтүү. Бүгүнкү күндө РФ зонасында 800 миңден ашык домен катталган, ал эми коммерциялык компаниялар фирмалык аталыштарында кириллицаны барган сайын көп колдонууда.

Кириллица жөнүндө айтып жатып, бир нече жылдар бою кээ бир саясатчылар тарабынан үзгүлтүксүз көтөрүлүп келе жаткан: "Кыргыз тилинин жазмасын латиницага которуу керекпи?" — деген сезимтал маселеге токтолбой коё албайм. Ооба, өзүнүн узак тарыхынын ар кандай мезгилдеринде кыргыздар ар кандай системаларды колдонушкан: 1927-жылдан 1941-жылга чейинки кыска мөөнөттө латын графикасын, ага чейин араб жазуусун, ал эми алардын ата-бабалары Орхон-Энесай жазмасын колдонушкан. Тил маселесинде саясатты өз алдынча аныктоо ар бир мамлекеттин суверендүү укугу. Ошону менен бирге, мен Кыргызстандын жетекчилигинин салмактуу позициясын белгилеп кетким келет: Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун кыргызстандык журналисттерге берген маегинде: "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кириллицада улантылышы керек", — деп баса белгилеген сөздөрү кеңири белгилүү. Бул чечим акылмандыкка жана көрөгөчтүккө толгон, анткени кириллицаны колдонуу буга чейин да улуттук кыргыз өзгөчөлүгүнүн өнүгүшүнө карама-каршы келген эмес, азыр да каршы келбейт. Анткени, көнүмүш жазманы жок кылуу бир гана кымбат баалуу техникалык процедураларды алып жаратпастан, калыптанган маданий салттарды бузууга жөндөмдүү экендиги жашыруун эмес. Муундар ортосунда ажырым пайда болуу коркунучу бар, анткени улгайган адамдарга кайра үйрөнүү кыйынга турат. Жаштардын буга чейин басылып чыккан мурастарга улуу "Манас" эпосунан жана бүткүл дүйнөгө белгилүү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан тартып, заманбап окуу куралдарына жана илимий монографияларга чейинки эмгектерге жетүүсү сөзсүз түрдө татаалдашат.

Бүгүн славян жазмасынын эл аралык күнүндө, тил жана жазуу жөн гана баарлашуу куралы эмес, элдин тарыхый эс-тутумунун негизи экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстандын көп улуттуу эли үчүн дал ушул кириллица билим берүү, адабият жана жалпы интеллектуалдык салт аркылуу муундарды жана улуттарды байланыштыруунун негизи болуп калды. Бул биздин Евразия цивилизациясына мүнөздүү болгон, дүйнөгө өзгөчө көз карашты калыптандырган жалпы руханий байлыгыбыз болуп саналат.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси С.И.Вакуновдун макаласы