Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди

Аймак
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Алдыга
Артка
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди
Алдыга
Артка
copyright icon Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир кызы болгон.

Оорукананын директору Атабек Жумалиев эне жана ымыркайлардан кабар алып, белек-бечкек жана өз эсебинен 5000 сом сүйүнчү акча тапшырды.

Белгилей кетсек, бул 2026-жылдын башынан бери аталган ооруканада төрөлгөн алгачкы үч эм. Эне жана кыздар эртең, 4-март күнү үйүнө чыгарылат.

Маалымат үчүн: Ош облустар аралык ооруканасынын төрөт стационары 2026-жылдын январь айында 88 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.