Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кош бойлуу келин кесарево жолу менен наристелерди жарык дүйнөгө алып келди.
Үч эмдин экөө эркек, бирөө кыз. Алардын салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түзөт.
"Азыр эне жана ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалдары туруктуу", - деп белгилешти министрликтен.