Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев 15-октябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында жыл башында төрөлгөн үч эм кыздын үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал үй-бүлөнүн жашоо-шарты менен таанышып, жергиликтүү бийлик тарабынан берилген төрт бөлмөлүү турак үйдүн документтерин тапшырды. Ошондой эле ымыркайларга керектүү муздаткыч белек кылды.
Тилек Текебаев үч эм кыздарга бекем ден соолук жана бактылуу балалык, ата-энесине балдарын аман-эсен чоңойтууну каалады.