Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Бишкекте үч эм төрөлдү.
Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, шаардык перинаталдык борбордо 26 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөдү.
Ал мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен перинаталдык борборго жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү экени айтылды.
"Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү. Учурда эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык", - деп белгилешти министрликтен.