Аиша, Айчырай, Адинай: Ошто үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды

Коом Загрузка... 25 Март 2026 16:12

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге акчалай жардам көрсөтүп, 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 20-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Облус башчысы үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугунан кабар алды.

Дарыгерлер алардын абалы жакшы экенин айтышты.

Ымыркайларга Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген.