Чаткалда 44 жаңы объект курулуп, оорулар эки эсеге азайды

Аймак
Чаткалда 44 жаңы объект курулуп, оорулар эки эсеге азайды
copyright icon www

Бишкек, 25.10.26. /Кабар/. Чаткал районунда акыркы беш жылда социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктураны жакшыртуу багытында бир катар масштабдуу иштер аткарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.

Мамлекет башчысына сунушталган маалыматка ылайык, 2021–2026-жылдары аймакта төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишилди:

  • Инфраструктуралык курулуштар: Беш жылдын ичинде жалпы суммасы 963,8 миллион сомго 44 жаңы объект курулуп пайдаланууга берилди. Алардын катарында 4 мектеп, 2 бала бакча, 3 спорт зал, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 4 имараты, мини-футбол жана балдар оюн аянтчалары, ошондой эле 2 көпүрө бар.
  • Билим берүү тармагы: Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу көрсөткүчү 34,4 пайыздан 68,4 пайызга чейин өстү. Ошондой эле билим берүү системасындагы мугалимдердин жетишсиздиги 6дан 0гө кыскарып, толугу менен чечилди.
  • Саламаттыкты сактоо: Көрүлгөн чаралардын жана жаңы объектилердин натыйжасында акыркы беш жылда калк арасындагы оорулардын деңгээли 33,5 пайыздан 16 пайызга чейин төмөндөдү.

Мамлекет башчысы аймактагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.