Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Сирияда Башар Асаддын бийликтен кетишинен кийинки алгачкы парламенттик шайлоо 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Сириянын Жогорку шайлоо комитетинин төрагасы Мухаммад Таха аль-Ахмад президент Ахмад аш-Шараа менен болгон жолугушуудан кийин билдирди. Бул тууралуу SANA мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянуу менен, Казинформ жазды.
Маалыматка караганда, жолугушууда шайлоо мыйзамдарына киргизилген негизги өзгөртүүлөр талкууланган.
Президент Ахмад аш-Шараа шайлоо бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүшү керектигин баса белгилеп, аймактык бөлүнүү идеясын кескин четке каккан. Муну менен катар ал шайлоодо согуш кылмышкерлерин катыштырбоо зарылдыгын белгилеген.
Жаңы мыйзамга ылайык, Сириянын эл өкүлдөр жыйынында орундардын саны 150дөн 210го чейин көбөйөт. Анын ичинен 70 депутат президент тарабынан дайындалса, калган 140 депутат түз шайлоо аркылуу тандалат.
Орундар өлкө боюнча 2011-жылдагы эл каттоонун негизинде калктын санына жараша бөлүштүрүлөт. Ошондой эле округдар жергиликтүү коомчулук менен интеллигенциянын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздай тургандай түзүлөт.
Шайлоо жараянына жарандык коом уюмдары жана эл аралык байкоочулар көз салмакчы. Талапкерлердин тизмесин жана шайлоо жыйынтыктарын талашууга мыйзам менен жол берилет. Убактылуу шайлоо мыйзамына ылайык, парламенттик орундардын жок дегенде 20% аялдарга ыйгарылат. Ошондой эле жаштарды шайлоого активдүү тартуу максатында өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда окутуу жана маалымат берүү программалары жүргүзүлөт.
Эске салсак, 13-июнда президент Ахмад аш-Шараа Жогорку шайлоо комитетин түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Башында парламенттин курамы 150 депутаттан турушу пландалган, кийинчерээк бул сан 210го чейин кеңейтилди.
Белгилей кетсек, өлкөнү 25 жыл башкарган Башар Асад былтыр декабрда Россияга качып кетип, башпаанек алган. Анын бийликтен кетиши менен 1963-жылдан бери башкарган Баас партиясынын доору да соңуна чыккан. Үстүбүздөгү жылдын январында өлкөдө Ахмад аш-Шараа башында турган жаңы өткөөл администрация түзүлгөн.