Сингапурда сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилигине кыргызстандык суучулдар катышат

Спорт Загрузка... 22 Июль 2025 14:44
WhatsApp Image 2025-07-22 at 14.48.27.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Сингапурда сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мелдеш 11-июлдан 3-августка чейин созулат. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин olympics.com сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, мелдештин алкагында сууда сүзүү, синхрондуу сууда сүзүү, сууга секирүү, ачык сууда сүзүү, суудагы поло жана хайдайвинг боюнча медалдар ойнотулат.

Суудагы поло боюнча турнир 11-24 июлда, марафондук сууда сүзүү (ачык сууда сүзүү) 15-20-июлда, синхрондуу сууда сүзүү 18-25- июлда, хайдайвинг 24-27-июлда, сууга секирүү – 26-июлдан 3-августка чейин, сууда сүзүү боюнча мелдеш 27-июлдан 3 августка чейин өтөт.

Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатына башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында катышат. Курамадагы эки спортчу – Денис Петрашов (3 дистанция) жана Аймкыз Айдаралиева (2 дистанция) күч сынашмакчы. Алардын турнири 27-июлда башталат.