Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Сицилия аймагына иш сапары менен барды.
ТИМден билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө ал Катаниянын мэри, Unimpres ассоциациясынын президенти, Катания университетинин ректору жана Массимо Беллини театрынын директору менен жолугушту.
Атап айтканда, Катаниянын мэри менен болгон жолугушууда тараптар бир тууган шаар мамилелерин түзүү аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө макулдашышты.
Андан тышкары, Unimpres ассоциациясынын президенти Ж.Спадафора менен болгон жолугушууда элчи кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен түз байланыштарды түзүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын экспорттук, туризмдик жана соода мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.