Сианда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Экономика 25 сентябрь 2025 15:19
175871617468d3e10e4429d.png
175871617268d3e10ce4ea9.png
175871617368d3e10d53cd0.png
175871617368d3e10dc23dd.png
175871617468d3e10ee03c5.png
Алдыга
Артка
175871617468d3e10e4429d.png
175871617268d3e10ce4ea9.png
175871617368d3e10d53cd0.png
175871617368d3e10dc23dd.png
175871617468d3e10ee03c5.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 25.09.25./Кабар/. Күн мурун Кытайдын Сиань шаарында экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Шэньси провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Кыргызстандын Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Анын алкагында Соода өкүлчүлүк Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлдөрү өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана бул тармактагы инвестициялык демилгелерди сунушташты.

Жолугушууда өзгөчө көңүл каржылык кызматташтык маселелерине бурулду. "Мамлекеттик финансылык холдингдин" башкармалыгынын төрагасы Элдияр Доолбеков уюмдун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, "Сиань финансылык холдинги" менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Мындан тышкары, кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган туризм жана соода тармактарында бир катар келишимдер да кабыл алынды.