Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Сиань шаарынын мэри Е Нюпин менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу маалында Султан Ахматов эки элди байыртан бери Улуу Жибек жолу байланыштырып келгенин белгиледи.
Ал белгилегендей, аталган жол Евразия континентин аралап өткөн өзгөчө соода жана гуманитардык магистраль болуп, Кытай, Индия, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын цивилизацияларына көпүрө болгон.
"Бүгүн XXI кылымда ошол илгерки заманда негизделген достук жана кызматташтык мамилелери жаңы тарыхый шарттарда ийгиликтүү чыңдалып келе жатат", - деп айтылат маалыматта.
Тараптар Сиань шаарында иш жүргүзүп жаткан Кыргызстандын Соода үйүнүн жана Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Сиань шаарынын ортосундагы туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору бул багытта негизги роль ойнойт деген ишеним айтылды.