Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди эң жогорку деңгээлде тосуп алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекемдигин жана достуктун тереңдигин көрсөттү. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпин мамлекеттик сапардын жыйынтыгына арналган брифингде билдирди.
Ал Кытай лидерин сапардын бардык учурунда коштоп жүрүп, өзгөчө "Манас" аэропортундагы салтанаттуу тосуп алуу аземине көңүл бурду.

"Кыргызстандык кыздар төрага Си Цзиньпинди жана анын жубайы Пэн Лиюанды улуттук салтка ылайык боорсок жана бал менен тосуп алышты. Кытай тарап үчүн өзгөчө жылуу учурлардын бири кыргызстандык балдардын кытай тилиндеги "Улыбка" ырын аткаруусу болду. Ошондой эле алар төрага Си Цзиньпинге жана анын жубайына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий талисманы – ак илбирстин жумшак оюнчугун белек кылышты", – деди Лю Цзяньпин.
Ошондой эле ал Бишкектин көчөлөрүндө Кытай лидерин коштогон кортежди ардактуу мотоцикл эскорту коштоп жүргөнүн белгиледи. 31-августта "Ынтымак Ордо" административдик комплексинде расмий тосуп алуу аземи өткөн.
"Бүткүл перрондо кытайлык ардактуу меймандарга карата чын жүрөктөн чыккан жылуу мамиле жана терең урмат-сый өкүм сүрдү. Бул протоколдук иш-чаралар Кыргызстандын уюштуруучулук жана меймандостук деңгээлинин жогору экенин гана көрсөтпөстөн, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун тереңдигин да айгинеледи. Кытай тарап жылуу кабыл алуу үчүн кыргыз тарапка чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет жана сапар учурунда көрсөтүлгөн достук мамилеге жана меймандостукка терең таасирленди", – деп баса белгиледи элчи.
Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы ошол эле күнү эки өлкөнүн лидерлери кечки тамак үстүндө бейформал жолугушуу өткөргөнүн белгиледи.
"Бейформал кечки тамак учурунда эки өлкөнүн лидерлери ишенимдүү маанайда пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы расмий иш-чаралардын негизги темаларын талкуулашты", – деп кошумчалады элчи.