Биздин өлкөнүн негизги өнөктөшү кыргыз жергесинде. Күн мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алды. Кытай бүгүн дүйнөлүк экономиканын эң ири борборлорунун бири. Анын экономикалык кубаттуулугу, технологиялык мүмкүнчүлүгү жана дүйнөлүк соодадагы ролу Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинен Кыргызстандын өнүгүү багытына түздөн-түз таасир этүүдө. Чындыгында, Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси акыркы жылдары адаттагы коңшулук байланыштардын алкагынан чыгып, чөлкөмдөгү стратегиялык өнөктөштөрдүн бирине айланууда.
Кытай төрагасы Кыргызстанда күтүлүп жаткан жогорку даражалуу меймандардын алгачкысы болду. Аны президент Садыр Жапаров расмий протокол менен эле эмес, чыныгы кыргыздын маданиятынын коштоосунда тосуп алды. Деги эле акыркы жылдары Кыргызстандын мамлекеттик деңгээлдеги меймандарды тосуу аземи өзүнчө бир чоң окуяга айланып, өзүнчө сөзгө алына баштады. Си Цзиньпинди “Манас” аба майданына тигилген боз үйлөр жана бүркүттөр өзгөчө кызыктырды.
“Эң мыкты!”, - деди Кытайдын президенти Си Цзиньпин.
Бул мамлекеттик визит жөнөкөй жолугушуу эмес. Бул сапардын мааниси өзгөчө экенин Кытай президенти буга чейин, Кыргызстанга келер алдында баса белгилеген эле.
“Алдыдагы бул сапар менин кереметтүү кыргыз жерине үчүнчү ирет келишим. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен биргеликте кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы, масштабдуу багыттарын белгилеп, Шанхай кызматташтык уюмунун тагдырлаш коомчулугун курууну жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Кытай төрагасы 2025-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен дээрлик үч жолу жолугушуп, жетекчилердин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү кызматташтык жана жеке достук эки мамлекеттин мамилелеринин тез өнүгүшүнө өбөлгө түзгөнүн белгилеген. Ошондой эле экономика жаатында кызматташуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин айткан.
Мүмкүнчүлүк демекчи, Кытайдын Борбор Азия менен соодасы 2025-жылы 106,3 млрд долларга жетип, биринчи жолу 100 млрд доллардык чектен ашкан. Анын төрттөн биринен ашыгы, башкача айтканда 27,2 млрд доллар Кыргызстандын үлүшүнө туура келет. Ошентип Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи соода өнөктөшүнө айланды.
“Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамилелердеги жаңы тарыхый бийиктикти расмий түрдө белгилеген олуттуу көрсөткүч”, - деп билдирген КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин.
Алдыда бул көрсөткүчтү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2030-жылга чейин 45 миллиард долларга жеткирүү боюнча аракеттерди көрүү маселеси турат.
Бүгүнкү күндө Бишкек Кытайдын кубаттуу инвестициялык агымын өзүнө бурууга жетишти. Айтмакчы, Кытай Кыргызстандын экономикасындагы эң ири инвесторлордун бири, келген түз инвестициянын дээрлик 40 пайызын түзөт. Жалпы 2021–2025-жылдары Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,85 млрд долларга жетти. Жыл сайын орточо 280–290 миллион доллар түз инвестиция тартылууда. Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында Кытайдан Кыргызстанга түз инвестициялар 80,15 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9 пайызга өскөн.
Кытай инвестициясынын Кыргызстандагы көрүнүктүү мисалы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул темир жолдун арты менен биздин өлкө эл аралык сооданын маанилүү түйүнүнө айланат жана өзү да Европага чыга алат. Кыргызстан Азиядан Европага жана Жакынкы Чыгышка чейинки жолду кыскарткан евразиялык транспорттук түйүн үчүн жаңы хаб болмокчу. Биздин өлкөдө логистика, кампа, бажы, тейлөө, транспорт жана соода инфраструктурасы өнүгөт. Бул арада кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында үчүнчү “Бедел” чек ара бекети, "Барскоон – Бедел – Үчтурпан – Аксу" унаа жолу сымал долбоорлор да ишке ашырылууда. Бул биргелешкен иштердин айрымдары гана. Товар жүгүртүүдөн тартып ири инфраструктуралык, энергетикалык, экономикалык, транспорттук, маданий долбоорлорго чейин эки өлкөнүн байланышы тереңдеп жатат.
Кытайдын Кыргызстан үчүн экономикалык жана стратегиялык мааниси жыл өткөн сайын өсүүдө. Дүйнөнүн алдыңкы экономикалык жана аскердик державаларынын бири болгон Кытай бүгүн Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүнө айланды. Эми Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары бул кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарчу маанилүү келишимдер менен коштолот деп күтүлүүдө.Бул туурасында эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров “Кабар” агенттигине билдирди.
“Кытай экономикалык кубаттуулугу жагынан да, аскердик, коргонуу кубаттуулугу жагынан да дүйнөлүк эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Кытайдын ички дүң продукциясы 21 триллион долларды түзөт. Дүйнө боюнча АКШдан кийин эле экинчи орун турат. Экономикалык жактан эң эле кубаттуу өлкө.
Кыргызстан үчүн Кытайдын мааниси өтө чоң. Биз Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсүн башка өлкөлөр менен салыштырып карасак, биздин өлкө биринчи орунда турат. Ал эми Россия экинчи орунда. Демек, Кытай менен биздин соода байланышыбыз жогорку чекте. Бул жагын өзүнчө белгилеп коюу керек. Экинчи жагынан алсак, капитал, инвестиция салымдоо боюнча Кытай Кыргызстанга эң эле көп инвестиция салган өлкө. Бардык негизги ири проектилер Кытайдын жардамы менен болуп жатат. Мурунку учурду эле алсак, Датка-Кемин электр чубалгысы да, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод да кытай компаниясынын күчү менен курулду. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун да негизинен Кытай каржылап жатат. Башка дагы көптөгөн долбоорлор коңшулардын инвестициясынын жардамы менен ишке ашырылып жатканына күбөбүз. Эми Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарында эки өлкө арасындагы бир катар маанилүү келишимдерге коюлат деп күтүп жатабыз”, - деди профессор Кубанычбек Чекиров.
Алдыда мазмундуу сүйлөшүү, конкреттүү келишимдер жана элге пайдалуу натыйжалар күтүлүүдө. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Жыйынтыктай келсек, Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жаңы баскычка чыкты. Саясий байланыштар бекемделүүдө, соода көлөмү өсүүдө, инвестиция көбөйүүдө, ал эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу өлкөнүн экономикалык географиясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Кыргызстандын алдында турган негизги милдет — Кытай менен мамиледен өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кылчу пайдаларга жетишүү болуп саналат.