Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары, анын ичинде Жээнбек Кулубаев менен жолугушту — Кабар

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары, анын ичинде Жээнбек Кулубаев менен жолугушту

Саясат 15 июль 2025 11:30
5c3bb18d-b390-3a30-bae6-d3be6c961b43.jpg
b8380996-d232-3617-b778-2bd00a2fd8e0.jpg
050b8421-c4e1-3f65-9177-eb68046576ef.jpg
02e60d55-cebb-3152-9fb0-917ecaa933a2.jpg
e09d25c8-47e3-336e-8c32-9ab2c9f74c9b.jpg
15fe6031-ee08-3f20-a977-dce457957357.jpg
3dd8db99-64dc-38d3-a69a-37b9858497ac.jpg
c46bcdc8-7763-3908-adc8-724d538469be.jpeg
Алдыга
Артка
5c3bb18d-b390-3a30-bae6-d3be6c961b43.jpg
b8380996-d232-3617-b778-2bd00a2fd8e0.jpg
050b8421-c4e1-3f65-9177-eb68046576ef.jpg
02e60d55-cebb-3152-9fb0-917ecaa933a2.jpg
e09d25c8-47e3-336e-8c32-9ab2c9f74c9b.jpg
15fe6031-ee08-3f20-a977-dce457957357.jpg
3dd8db99-64dc-38d3-a69a-37b9858497ac.jpg
c46bcdc8-7763-3908-adc8-724d538469be.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара бүгүн Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.

Жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.

Кытай төрагасы өз сөзүндө 2024–2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары катышты.