Шымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсеси ачылды

Коом Загрузка... 27 Май 2025 20:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Казакстандын Шымкент шаарында расмий түрдө Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсеси ачылды.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, анын ичинде Шымкент шаарынын акиминин биринчи орун басары Куаныш Асыловдун, коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ардактуу консулдун кеңсесинин ачылышы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана ишкер байланыштарды мындан ары чыңдоого, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, гуманитардык, маданий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле Түштүк Казакстан аймагындагы Кыргызстандын жарандарына укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Ардактуу консул Талгат Айтбаев жаңы кеңсе эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле аймактагы кыргыз жарандарынын жана ишкерлердин практикалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн натыйжалуу аянтча болоруна ишенимин билдирди.