Шыкмаматов: Президенттин жарлыгы ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган

Экономика 9 октябрь 2026 21:00

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлык тууралуу айтып берди.

Алмамбет Шыкмаматов жарлыктын негизги максаты ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров "Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлыкта салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча бир катар чаралар каралган.

Алардын ичинде:

  • Ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзүү;
  • Жалган электрондук эсеп-фактураларды пайдалангандыгы жана бизнести башка адамдардын атына каттагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө;
  • Бизнести иш жүзүндө башкарган адамдарды (иш жүзүндөгү бенефициарларды) жоопкерчиликке тартуу;
  • Өз атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга мүмкүндүк берген «өзүнө-өзү тыюу салуу» механизмин киргизүү;
  • Ишеним каттарды жана квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонууга көзөмөлдү күчөтүү;
  • Салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын мындан ары санариптештирүү жана интеграциялоо.

Бул чараларды ишке ашыруу ишкердикти өнүктүрүүгө, салыктык климатты жакшыртууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.