Мамлекеттик "Асел" ательеси ири тигүү фабрикасына айланат

Экономика

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик "Асел" ательесин келечекте ири тигүү фабрикасына айландыруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун жүрүшүндө билдирди.

Иш-чаранын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү "Асел" мамлекеттик ишканасына барып, өндүрүш процесси жана чыгарылган продукциялар менен таанышты.

Ишкананын директору Шайлообек Нурматовдун айтымында, ателье 2022-жылы калыбына келтирилип, 2023-жылы өндүрүш жайларын даярдоо иштери башталган. Ал эми 2024-жылы ишкана толук кандуу иштей баштаган.

Ательенин негизги милдети — мамлекеттик ишканаларды атайын формалык кийимдер менен камсыздоо. Анын кардарларынын арасында "Кыргыз темир жолу", "Тазалык", "Кыргызкөмүр" жана аэропорттор бар.

Мамлекеттик "Асел" ательеси ири тигүү фабрикасына айланат
"Учурда ишканада 40ка жакын адам эмгектенет. Бул жерде буюртма берүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө жараша жайкы жана кышкы атайын кийимдер, чыптамалар жана форманын башка түрлөрү тигилет. Зарыл болгон учурда ар кандай өндүрүш шарттарында иштөөгө ылайыкталган атайын материалдар тандалат", - деди ал.

Директордун маалыматына ылайык, 2025-жылы ишкана болжол менен 24 млн сомдук буюртмаларды аткарган. Бул мезгилде 3,5 млн сом салык төлөп, таза кирешеси 1 млн сомго жакын болгон.

Бексултан Токонов ишкананын өнүгүшүнө мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттин үлүшү бар чарба коомдору менен түз келишим түзүү мүмкүнчүлүгү өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик "Асел" ательеси ири тигүү фабрикасына айланат

Анын айтымында, буга чейин мамлекеттик ишканалар атайын кийим тигүүгө тендер жарыялап, буюртмалар ар кайсы жерлерге берилчү. Азыр болсо аларды түздөн-түз "Асел" ательесине жайгаштырууга шарт түзүлдү. Бул ата мекендик өндүрүштү, өзгөчө тигүү тармагын колдоого багытталган.

"Биздин максат — мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ижарага берүү менен гана чектелбестен, өздүк өндүрүштү да өнүктүрүү. Келечекте бул ишкананы ири фабрикага айландыруу планыбыз бар. Мамлекеттик буюртмалар көбөйүп жаткандыктан, өндүрүштү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар", — деди агенттиктин директору.

Мындан тышкары, ал Кара-Балта шаарында жайгашкан "Дан" мамлекеттик ишканасы тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, ишкана кеңири модернизациядан өтүп, азык-түлүк жана тез даярдалуучу тамак-аш азыктарын чыгарат.